Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиевге Урматтуу Садыр Нургожоевич! Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!
Сиздерге Сокулуктагы жаңы ачылган мал базардын тагдыры боюнча кайрылууга аргасыз болуп отурам. Башынан айтсам, 2014-жылы жай мезгилинде ошол кездеги Сокулук районунун акими Аманкан Кенжебаев (азыр ал киши Жогорку Кеңештин депутаты) мени өзүнө чакырып: “Ош-Бишкек трассасынын боюндагы Сокулуктун мал базарын жабабыз. Биринчиден, өлкөбүздүн төрт облусуна жана Чүйдүн төрт районуна каттаган элге жол тыгынын жаратып, өтө кыйнап жатат. Экинчиден, мал базардын аймагы тар, 50 гана сотук. Силерде мал базарга ылайыктуу үч жарым гектардан ашык жериңер бар экен, тез арада уруксат кагаздарын ырастап, ичиндеги шартты даярдагыла” деген өтүнүчүн айтып, “эгер унаа койгонго жер тарлык кылса жанындагы таштандыга толгон 2,5 гектар аймакты кошуп беребиз”- деп убадасын берген эле. Биз тийиштүү мамлекеттик органдарга кайрылып, баардык уруксат кагаздарын алдык. Ошого катар тааныштардан акча карызга алып, жарым жылда мал базарга шартты түздүк. Анан эле кызык жагдай өкүм сүрүп, жылдырылчу учурга жеткен маалда маселе чеччү кишилер базардын 50 пайызын сурады. Мен бере албадым, базар ачылбай калып кетти.
Быйыл кышта Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана Сокулук районунун акими чакырып, “Базарга жер даярдаган экенсиз, Сокулуктагы мал базарды көчүрөлү” дешти. “Сүткө оозум күйүп”, мамлекеттик чиновниктерден аябай көңүлүм калган эле, өтүнүчтөн баш тартайын деп барып, бирок ага батына албадым. Биринчиден, сиздердин жүргүзгөн саясатыңыздарды колдогон киши катары сунушту жерге калтырбайын деп, экинчиден, Ош-Бишкек трассасындагы тыгында азапка баткан элди түйшүктөн куткаруу үчүн макулдугумду берип, кыштын кычыраган суугунда таштай тоңгон жерге от жагып алып мал байлаган темирлерди бекиттим (мурда орноткондорду карыздан кутулуу үчүн кесип саткан элем). Шартты жакшыртуу үчүн кайра карыз алып, үч айдан бери базардын түйшүгү менен алпурушуп келдим. Өкүнүчтүүсү, кечээ жакында жергиликтүү бийлик кайрадан “жаңы базар ачабыз” деген демилгени баштап, “кабыргамды кайыштырып” койду. Эгер миллиондогон сумманы чапчыган мамлекеттин каражатына жаңы базар сала турган болсо, эмнеге мени кычыраган кышта убара кылып чакырып, мал базарды ачтырды? Мамлекеттик кызматкерлер ушинтип адам тагдыры менен ойной беришеби?
Урматтуу Садыр Нургожоевич! Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!
Мен сиздерге мал базардын жабылышына кызыкдар болгон тараптар боюнча да учкай айта кетпесем болбос. Анын башында Данияр Үсөновдун аялы Динара Исаева менен Сокулуктагы Крупская айыл өкмөт башчысы Жеңиш Эдигеев турууда. Динара Исаеванын тоок фермасы жаңы ачылган мал базардын наркы бетинде жайгашкандыктан, ич күйдү кадамдарга барып жатат. Үч жарым гектар жерди арзан баага сатып алайын деп көз артып жүргөндүктөнбү ким билсин, акчасы көп айым журналисттерди жалдап барып жасалма сюжеттерди тарттырып, “санитардык норма бузулду” деген жок шылтоолор менен тегерек-четте жашагандарды тукуруп жатат. Эгер чындап санитардык норма жөнүндө сөз болсо, жумасына бир гана күн иштеген мал базар эмес, Динара Исаеванын сасыктыгы каңылжаарды жарган тоок фермасы жабылып, көчүрүлүшү керек эле да? Биздин мал базарга мамлекеттин тийиштүү органдарынын баары уруксатын берген. Эч кандай мыйзам бузган маселе жок.
Мындан сырткары, Сокулуктун Крупская айыл өкмөтүнүн башчысы Жеңиш Эдигеев жогорку бийлик өкүлдөрүнө “базардын аянты тар” деген акылга сыйбаган, жалган маалымат берип жатат. Айыл өкмөттү жети жылдан бери жетектеген Жеңиш Эдигеев мурдагы 50 сотук мал базардын аянтына унчукпай тымпыйып отуруп, эми 3,5 гектарды аз дегенин кантип түшүнсөк болот? Бул эки жүздүүлүккө жатпайбы? Баса, жаңы базардын жанындагы 2,5 гектардай таштанды каптап жаткан жерди “ижарага бергиле, акыр-чирин тазалап, тегиздеп, базарга келген жарандардын унаасын токтотконго жай куруп берели” деп ошол эле Сокулуктун Крупская айыл өкмөт башчысы Ж.Эдигеевге кайрылсак, төрт ай чуркатып, жерди бербей койду. “Ичинде ит өлгөн” жигит окшойт, тааныштар аркылуу трайбалисттик маанайдагы пикирин билдирип: “Оштукка ал жердин ташын да карматпайм” деп айттырыптыр. Бул эмне деген бөлүп-жарган бузукулук? Элдин биримдигин камсыздабай, тескерисинче кастыктыкты козутуп жатпайбы! Мындай адам айыл өкмөттү башкарганга акысы барбы? Эгер жаңы мал базардын жанындагы таштанды каптаган 2,5 гектардай жер берилсе, жаңы базардын аянты 6 гектардан ашат да, бардык маселе чечилет. Андан сырткары, мал базардын жанындагы аймактан жашылча жемиштери менен кийим кече сатканга дагы бир гектар жер сүйлөштүк, базардын тагдыры чечилсе эле ал ишке киргени турат. Ошондой эле, жаңы мал базардагы жеке менчик скважинабыздан 60ка чукул кожолук суу иче турганын айтып, аны да кээ бир адамдар бетке кармап жатышат. Мурун да ушул маселе көтөрүлгөндө, эгер базар иштеп кетсе, элге жаңы скважина курдуруп берели деп кепилдик кат да жазып бергенбиз. Айтор, бул дагы чечиле турган маселе, көйгөй кылыштын кажети жок.
Садыр Нургожоевич, сиз бир жыл мурун дүйнөлүк деңгээлдеги абройлуу бизнес өкүлүн кабыл алганда инвесторлор боюнча оюңузду так айтып: “Инвесторлордун ишине тоскоол болгондор жоопко тартылат, ошондой эле инвесторлордун укуктары жана мүлкү максималдуу корголот деген так позициябыз бар” деп айткансыз. Сиздин сөзүңүзгө биз ишенебиз, бирок жогорудагы фактыдан, жергиликтүү бийликтеги Жеңиш Эдигеев өңдүү шалаакы жетекчилер бизге окшогон ички инвесторлорго кандай мамиле кылып жатканын уктуңуз. Инвесторго кол сунуп, айылга салык түшүрүштүн ордуна трайбалисттик түшүнүк менен бут тосуп жатат, буга чара көрүп беришиңизди өтүнөбүз. Ошого катар Жеңиш Эдигеев “бизнес леди” Динара Исаеванын “жең ичиндеги” тапшырмасы менен “жаңы мал базар салабыз” деп, республикалык бюджеттен 50 миллион сом сураптыр. Эгер ал чечилбесе, кредит алабыз деп жатканын уктук. Азыркы оор кырдаалда даяр турган нерсени иштетип, айылдын бюджетин толтурганга шарт түзбөй, акчалуу аялдардын кол баласына айланып, алардын жеке кызыкчылыгын канаатандырганы туурабы?
Урматтуу Садыр Нургожоевич! Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!
Бир нече адамдын тагдыры байланган ушул маселени кылдат карап, калыс чечим кабыл алып беришиңиздерди суранабыз! Терең урматым менен, И.Жоробеков, Сокулук мал базарынын директору
Булак: “Майдан.kg” гезити