Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1160

- Президент Ыссык-Көлдө жаңы парктын ачылышында эл менен жолугуп, маселени кабыргасынан койду. Айрыкча ашыкча каражат сарптадык деп бюджеттен омуруп жеп алгандарга  токтолду. Ажонун айтпай туруп текшерип барганы жакшы жыйынтык берип жатабы?

- Президент Садыр Жапаровдун жыл башынан берки кадамы колдоого татыйт. Көп мекеме- уюмдарга айтпай барып текшерген абдан туура. Антпесе, кожо көрсүнгө  жасай салышат эмеспи. Отуз жылдан бери  жасаган ишти он эсе көбөйтүп көрсөтүп,  акча жеген алкымы чоңдордун кекиртегине сөөк такап койгону эң жакшы болуп атат. Ысык -Колдогу жолугушууда президент күйүп- бышып айтты, далилдеди, эскертти. Эми жегичтер биртике чочуп калышты окшойт. Уккан кулакта жазык жок! Бишкек- Ош жолун оңдогондор, ремонт кылгандар калп эсеп берип, кабаттап үй салып алышып жүргөндөр бар деп укканбыз. Бул бир гана мисал. 

- Эмнеге камалып, соттолуп жатса деле элдин ырыскысын жегендер тыйылбай жатат?

- Мен да ошого таңгалам. Эмне үчүн ар күнү кармалып, соттолуп атышса, кайра эле бир жагынан жеп атышат. Неге коркушпайт? Кыргыздардын мамлекеттик кызматкерлери жегенге туулушканбы? Таң калбай коюуга болбойт жана канткенде тыйылат? Же бул жегич деген сөздү маңдайына ысык темир менен мөөр кылып басып коюш керекпи? Ошондо элден уялып мамлекеттик мүлккө экинчи кол салбай калат беле?

- Президент кандай иштеп жатат?

- Биздин президент бардык параметрде жан үрөп иштеп атат. Анан кайдан "бүттү", "эч нерсе кылбай жатат", "болбой калды" деген сасык, ылай сөздөр кайдан чыгып атат? Эл көргөндү айрымдар неге көрбөйт? Бул сөздөрдү чыгаргандар беш- алты эле өздөрү бийликтен кур жалак калгандар эмеспи. Ал баарына түшүнүктүү.

Президенттин бардык башталыштардын колдоп, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, "Кыргыз үчүн!" деп иштесек алга кетебиз. Ал үчүн пейилди оңдоп, ынтымакка келели!