Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1520

- Шүкүрбек байке, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөштүн экинчи этабы башталганын билдирди. Аны кандай кабыл алууга болот?

- Камчыбек Ташиевдин УКМК жетекчилигине келгенден берки аракети жөнөкөй жарандарга келечекке үмүт тартууласа, мамлекетти тоноонун кыныгын алып, коррупцияга баш-оту менен малынып калгандардын эртеңине караңгылык түшүрдү. 

Коррупция менен күрөш акыркы эки жылда чындап жүрүп жатат, ага баарыбыз күбөбүз. Кааласак, каалабасак да акыры биз келчү жол ушул болчу. Өлкө коррупциянын сазына батып калганын көрдүк, өз убагында Камчыбек Ташиев бийлик бутагына келип, катаал күрөштү жолго койбогондо келечек тууралуу сөз кылуу мүмкүн болбой калмак. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бул жооптуу милдетти Ташиев өзүнө алды, бирөөгө жакшы көрүнсө, бирөөгө жаман көрүнүп ишти илгерилетүүдө. 

Буга чейин деле коррупцияга каршы күрөш жарыяланган, бирок ал мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн эмес, отчет иретинде "галочка" үчүн гана иштеп келди. А бүгүнкү күндөгү күрөш такыр башка картинаны көрсөтүүдө. Ошол эле бийлик бутактарындагы жооптуу кызматты аркалагандардын өкүл балдары, кайниси ж.б. кармалды. Коррупцияга аралашсаң кимдир бирөөнүн жакыны, тууганы экениң жардам бербей турганын түшүндүң. 

Экинчи этап - ушул аракеттердин мындан дагы катаалданышы деп кабыл алдым. Буга чейин коррупция менен кармалгандар мамлекетке келтирген зыянды төлөп берип, эркиндикке чыгышса, эми төлөп да берет, мыйзам алдында жазасын дагы тартат. Бул - уурдап топтогон байлыгыңдан дагы, эркиндигиңден дагы айрыласың деген сөз. Коррупционерлерге абдан чоң коңгуроо. Мамлекетке кара ниеттик кылбоого, ак эмгек, маңдай тер менен жашоого чакырык. 

- Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында "Европа Биримдиги - Борбор Азия" Экинчи Саммити өтүүдө. Бул иш чаранын Кыргызстан үчүн мааниси канчалык? 

- Бир чөлкөмдө жашаган мамлекеттер үчүн ынтымак керек. Кандай болбосун биз бири бирибизден баш тартып кете албайбыз. Ортодо ар кандай байланыш бар, экономикалык, саясий байланыштан тартып жарандар аралык социалдык байланыш дагы күчтүү. Бир чөлкөмдө жайгашкан өлкөлөр ортосундагы түшүнбөөчүлүк, каршылаштыктын кесепети кандай болоорун дүйнөдөгү окуялардан көрүп жатабыз. Ошондуктан лидерлер жолугуп, сүйлөшүп, маселелерди талкуулап, чечүү жолдорун чогуу издөөсү маанилүү. Бизде азыр таалылуу маселе - Тажикстан менен чек арабыз. Бул маселеге чекит коюу үчүн президенттердин тил табышуусу, бир пикирге келиши зарыл. Эки өлкөнүн карапайым жарандарынын коопсуздугу президенттердин канчалык деңгээлде сүйлөшүүлөрдү ийкемдүү жүргүзө алаарынан көз каранды. Саммит - тынчтыкка ташталган кадам.