КР УКМК тарабынан иликтөө жана ыкчам иш-чараларды уюштуруунун натыйжасында кылмышка шектүү жарандар кармалды.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, «Р.С.» аттуу айыл чарба фермасынын ээсин коркутуп, акча каражатын талап кылган Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү аталган К.Б. жана Т.М. аттуу Кыргыз Республикасынын жарандары кармалды.
Аталган адамдар 2023-жылдын 1-июнунда 130 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен кармалып, статьясына ылайык келет. КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин ылайык КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
"Учурда КР УКМК тарабынан кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, – деп билдирди УКМК.