Печать
Категория: Коом
Просмотров: 169

30-майда Сүлүктү шаарында заманбап спорт комплексинин курулушу аяктап, элге пайдаланууга берилди. 

Мындан бир жыл мурда аталган шаардын тургундары президент Садыр Жапаровго жаштардын дени сак өсүүсү үчүн спорт зал керектигин айтып, ушул маселени чечүүгө жардам берүүнү өтүнүп кайрылышкан. 

Арадан бир жыл өтпөй жатып президент убадасын аткарды, Сүлүктү шаарында толук шарттуу, заманбап спорт комплекс пайда болду. Эми шаардын жаштарына спорт менен машыгууга мүмкүнчүлүк бар. 

Буга байланыштуу тургундар мамлекетке башчыга ыраазычылык билдиришти. Ошондой эле, спорт комплекстин курулушуна салымын кошкон УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин дарегине дагы жылуу каалоо-тилектер айтылды.