Алтынбек Жумаев Кыргызстандын Малайзиядагы Элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин сайтында жарыяланды.
"Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Жумаев Алтынбек Мусаевич Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.