Печать
Категория: Коом
Просмотров: 453

Башкы прокуратура бүгүн, 31-майда парламентке депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушун жөнөттү. Спикер Нурланбек Шакиев Мадумаровго кайсы беренелер боюнча айыптар каралып жатканын түшүндүрдү. 

278-берене. Массалык башаламандыктар

1. Зомбулук, талкалоо, өрттөө, мүлктү жок кылуу, ок атуучу куралдарды, жардыргыч заттарды же жардыргыч түзүлүштөрдү колдонуу, же бийлик өкүлүнө куралдуу каршылык көрсөтүү менен коштолгон массалык башаламандыктарды уюштуруу.

Жаза - жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралган.

326-берене. Бийликти күч менен басып алуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясын бузуу менен бийликти күч менен басып алуу же бийликти күч менен кармап туруу, ошого тете конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө багытталган аракеттер.

Жаза - мүлкүн конфискациялоо менен он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу.

36-берене. Кылмышка даярдануу

1. Кылмыш жасоонун каражаттарын же куралдарын алуу же ыңгайлаштыруу, кылмышка шериктерди издөө, кылмыш жасоого бүтүм түзүү же кылмыш жасоо үчүн башка шарттарды атайылап түзүү.

2. Кылмыш-жаза жоопкерчилигине оор же өзгөчө оор кылмышка даярдангандыгы үчүн гана тартылат.

3. Кылмышка даярдангандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги ушул беренеге шилтеме кылуу менен ушул Кодекстин бүткөрүлгөн кылмышы боюнча эле беренеси боюнча келип чыгат.

338-статья. 3-пункт. Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу

1. Кызмат адамы же анын көрсөтмөсү боюнча анын билип же макулдугу менен анын ыйгарым укуктарынын чегинен чыккан же өмүргө коркунуч келтирбеген зомбулукту жана зомбулукту колдонуу менен байланышкан аракеттерди жасоо (ушул Кодекстин 137-беренеде каралган кыйноолорду кошпогондо) ден соолукка зыян келтирүү, же башка зомбулук коркунучу жаралганда. 

Анда эсептик көрсөткүчтүн үч миңден беш миңге чейинки өлчөмүндө айып салуу же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөөгө тыюу салуу же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ошол эле жосундар:

1) куралды же атайын каражаттарды колдонуу менен;

2) физикалык зомбулук көрсөтүү же аны колдоном деп коркутуу менен;

3) уюшкан топтун же кылмыштуу жамааттын кызыкчылыктарында;

4) оор зыян келтирүү менен жасалса - эсептик көрсөткүчтүн беш миңден он миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга же мүлкүн конфискациялоо менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин биринчи же экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар жооптуу кызматты ээлеген кызмат адамы тарабынан жасалганда, - эсептик көрсөткүчтүн 10 миңден жыйырма миңге чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо, - беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат. Ошондой эле үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратылат.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы арыз кайсы иш боюнча жөнөтүлгөнүн ачыктаган жок.