26-майда “Йакын-Инкар” ДЭУнун Жалал-Абаддагы уюмунун төрт активдүү мүчөсү: 1962-ж.т. “У.М.Г.”, 1977-ж.т. “А.Т.М.”, 1987-ж.т. “Ж.К.Т.” жана 1993-ж.т. “И.М.К.” кармалышты. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, аталган ячейканын мүчөлөрү Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында экстремисттик идеологияны үгүттөө жана жайылтуу боюнча иш алып барышып, КМДБдан эч кандай тиешелүү уруксаат албастан миссионердик иштерди жүргүзүп келишкени аныкталды. Ошондой эле диний көз караштардан улам, алар светтик жашоо образын таптакыр четке кагып, балдарына орто билим берүү мекемелерине барууга, эмдөөдөн жана башка медициналык процедуралардан өтүүгө тыюу салышкан.
Жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында аталган адамдардын даректеринен “Йакын-Инкар” ДЭУнун диний-экстремисттик адабияттары табылып, алынган материалдар боюнча соттук-диний экспертиза дайындалды.
Кармалгандардын бардыгы КР УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.