УКМК КРнын аймагындагы диний-экстремисттик жана террористтик уюмдарга каршы аракеттенүү боюнча алдын алуу жана профилактикалык иш-чараларды улантууда. Анын алкагында жарандарды “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун мүчөлүгүнөн баш тарттыруу боюнча иш алып барып жатат.
Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаранын натыйжасында Кыргыз Республикасынын 1985-жылы туулган, Бишкек шаарынын А.Н.М. аттуу тургуну радикалдык көз карашынан баш тартты. Ал 2022-жылдан бери “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун кылмыштуу ишмердүүлүгүнө катышып, экстремисттик жашыруун топтордун активдүү кызматкерлери менен байланышта болгон.
Профилактикалык иш-чаралардын жүрүшүндө А.Н.М. тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алып, бул уюмдун ишмердүүлүгүнө жол берилбестигин билдирүү менен жарандарды “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырды.