Печать
Категория: Коом
Просмотров: 214

Кыргыз эл баатыры, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев Чек арачылар күнүнө карата чек арачыларды куттуктады.

"Урматтуу мекендештер!

Урматтуу Чек ара кызматынын офицерлери жана жоокерлери, ардактуу ардагерлер!

Бүгүнкү Чек арачылар күнү менен бардыгыңыздарды куттуктайм!

Акыркы кезде чек арачынын коомубуздагы кадыр-баркы, алардын ишине болгон сый-урмат өсүүдө. Буга бир чети өлкөбүздүн түштүгүндө орун алган окуялар учурунда жоокерлерибиздин жараткан каармандыгы да себеп болууда. Азыр, сиздерди куттуктап жатып, кыргыз жерин коргоп каза тапкан жоокерлерибизге дагы бир жолу башымды ийип, таазим этем! Алардын эрдиги эч качан унутулбайт!

Бирок ошол эле учурда, мамлекет жетекчилиги тарабынан Чек ара кызматын күчтөндүрүү багытында кыйла иштер жасалгандыгын айтып коюу парз. Бүгүнкү күндө кыргыз армиясы заманбап курал-жарактар, учуучу техникалар менен камсыздалды. Жеке өздүк курамдын айлык акылары жогорулады, алардын кызмат өтөөдөгү тиричилик шарттары оңолду. Ошондуктан, чек арачы болуп кызмат өтөөнү каалагандардын катары көбөйүп жатат. Эгерде эки-үч жыл мурун биздин армия баарынан артта калган кейпинде болсо, бүгүн айрым мамлекеттер бизге суктануу менен карап калышты. Эгерде өлкөбүздүн президенти Садыр Нургожоевич баш болгон мамлекет жетекчилеринде саясий эрки болбогондо, мунун баары болмок эмес!

Кыргызстандын эгемендүүлүгүн коргоо ар бирибиздин ыйык милдетибиз! Өтө оор шарттарга карабастан, аскердик антынан тайбай, өз милдетин абийирдүүлүк жана ак ниеттүүлүк менен аткарып келе жаткан жоокерлерге, офицердик курамга чын жүрөгүмдөн ыраазычылык билдирем!

Сүйүктүү ата-журтубуздун ар бир метр жери ыйык жана кол тийгис! Аны ата-бабалар бизге кандай аздектеп сактап келип берсе, урпактарга аны кемитпей өткөзүп берүү – ар бирибиздин милдетибиз! Бул оор кызматты аткарууда ар бириниздерге ийгилик жана күжүрмөндүк каалайм!

Сүйүктүү Кыргызстаныбызда ар дайым тынчтык болсун! Дагы бир жолу майрамыңыздар менен, урматуу чек арачылар!" - деп айтылат куттуктоодо.