Печать
Категория: Коом
Просмотров: 233

Бишкектеги "Батуми" кафесин сүрдүргөн Бишкек мэриясынын кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, УКМК төрагасынын тапшырмасы менен кафени сүрдүргөн мэрия кызматкерлеринин иш аракетинин мыйзамдуулугу текшерүүгө алынган. 

Текшерүү учурунда «Батуми» кафесинин негиздөөчүсү тарабынан муниципалдык менчикти пайдалануу чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдардын талаптарын бузуулар аныкталган. Алар кафеге жанаша жайгашкан муниципалдык аймакты унаа токтотуучу жай кылып мыйзамсыз пайдаланып келишкен. 

Ошондой эле, Бишкек шаарынын вице-мэри Н.Орунтаевдин мыйзамсыз аракеттери аныкталган. Ал кафени сүрдүрүүнү уюштурган, ошол эле маалда жеке менчиктин ээси мүлкүн чыгарып кетишине мүмкүнчүлүк бербей, талкалаган. Жыйынтыгында имаратты сүрдүрүү үч миллион сомдон ашуун зыян келтирген. 

Буга байланыштуу УКМК Н.Орунтаевге жана башка жооптуу кызматкерлерге карата кылмыш ишин козгоду. Тергөө жүрүшүндө Орунтаевге жабыркаган тараптын зыянын ордуна коюп берүү милдеттендирилди. 

Андан улам Н.Орунтаев эч кайда кетпөө убадасы менен бошотулду, кылмыш ишинин алкагында тергөө чаралары жүрүп жатат. 

Белгилей кетчү нерсе, УКМК төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев өзү Н.Орунтаевге кызмат адамы тарабынан Кыргызстандын жаранынын кызыкчылыгын жана укугун бузган мыйзамсыз аракеттерди жасалышына жол бербей турганын билдирди.