Печать
Категория: Коом
Просмотров: 188

- Президенттин Кытайга болгон сапары жемиштүү болдубу? 

- Ооба, көп макулдашууларга, келишимдерге кол коюлду. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу тууралуу чоң сөз болду. Түйүндүү көп маселелер чечилди. Ушул жактарын  эске алганда жемиштүү болду деп айтсак болот.

- Кытайлардын ири суммада грант бергени бизге көңүлү түз, ниети жакшы дегенди билдиреби?

- Албетте, Кытай мамлекетинин  грант бергени Кыргызстанга көз карашы жакшы экенин ою түз экенин билдирет.

- Темир жол чындап сөздөн ишке өтө турган чекке жеттиби?

- Ошондой десек болот. Бардык тийиштүү иш чаралар бүтүүдө. Буюрса, жакынкы арада темир жолду куруу башталат. Эң негизгиси саясий маселеси чечилди.

- Эмнеге Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулат деп кубанып жатсак, айрымдар кытай басып кетет деп кооптонуп башташты...

- Антип кооптонбой койсок деле болот. Темир жол ишке кирсе, биздин чек ара кызматы азыр машинелерди кандай текшерсе, анда деле ошондой тартипте текшеришет. Азыр кытайларга квота кытайларга канча берилсе, ошондо деле ошол санда берилет. Аз жана саналуу санда.