Швейцария Кыргызстанга 3 млн$ доллар кайтарымсыз акча, грант берели, аны энергетика тармагына жумшап, акылдуу эсептегичтерди коюп алгыла деп жатыптыр. Ал каражат келсе электр энергиясынын сапатын жакшыртуу максатына багытталат экен.
Ошол грантты Жогорку Кеңештин комитети карап, ратификация кылып коелу, акчаны батырак алып, ишти баштайлы десе, баягы эле Адахан Мадумаров каршы болуп жатат. Келе турган бекер акчадан дагы кынтык издеп, ратификация бул өтө оор маселе, аны кийинкиге жылдырып туралы, болбойт мындай, мен макул эмесмин деп кокуйлап жатат.
Швейцария бекер 3 млн доллар берип жатса, Кудай деп алып, керегибизге жумшайлы да! Адахан мырза оппозициямын деп эле бүт көзүнө көрүнгөн нерсеге каршы чыга береби? Мамлекетке пайдалуу келишимге каршы чыгып жатканы чектен ашкандык. Убагында Кумтөрдү алуу өтө оор маселе деп жүргөн. Эми, 3 млн доллар бергени жатса, “бул өтө оор маселе”-дейт. Эмне эле “өтө оор маселе”-дей бересиз Адахан Кимсанбаевич? Сизге оор көрүнгөн нерселерди, башкалар женил эле ишке ашырып коюп жатат. Ниетти оңдош керек да, тескери боло бербей!