Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова жаш кезде чет өлкөгө кетип, миграцияга аралашкан кыздар жашоодон көңүлү калып, үй-бүлө күткүсү келбей калат деп эсептейт.
Бул тууралуу ал Бишкекте өткөн тегерек столдо билдирди.
"Жаш кыздар чет өлкөлөрдө ар кандай кырдаалдарга туш болушат, кыйынчылык көрүшөт. Андан кийин жашоодон көңүлү калып, турмушка чыккылары келбейт. Миграциянын айынан тирүү ата-энесинин алдындагы жетим балдар көбөйүп жатат. Балдар ата-эненин мээрими, камкордугусуз өсүп жатышат", - деди Нарматова.
Ошондой эле ал кыздарын миграцияга кошуп, а өздөрү үйдө калган эркектерди сындады. Айтымында, 23-25 жашка чыккандан кийин гана кыздарды чет өлкөгө жиберсе болот.
Андан тышкары депутат чет өлкөлөр менен жарандарды жумушка орноштуруу боюнча келишимдердин түзүлүп жатканына терс көз караш менен карай турганын белгиледи.
"Бизге эмне Россия менен Казакстан аз болуп жатабы? Эми Европага жөнөтүп баштадык. Кеткендер кыйынчылык менен кайтып келип жатышат", - деди ал.