Печать
Категория: Коом
Просмотров: 166

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев демилгелеген коомдук талкууга коюлду. Анда кой-эчкиге 100 сом, бодо мал менен жылкыга 250 сомдон бир жылда бир салынуучу салык каралган. 

Мыйзам долбоорунда эгер бир үй-бүлө 40 койдон жана эчкиден, үч баш бодо малдан жана эки жылкыдан ашык мал кармаса салык төлөөгө милдеттендирилери айтылган. Мисалы, эгерде бир адамга тийиштүү 41 кой бар болсо, анда ал бир кой үчүн эмес, жалпы 41 кой үчүн салык төлөйт. болуп калса бирөө үчүн эмес, 41ине тең салык төгөт. Мындай салык төлөгөн адам жайыттарды пайдалануу үчүн салык төлөбөйт. Ал эми белгиленген сандан ашпаган малы бар жарандар жайыттын акысын гана төлөйт.

Демилгечи мыйзам долбоору кабыл алынса, жергиликтүү бюджетке каражат түшөөрүн жана ошол аймактын маселелерин чечүүгө багытталаарын белгилейт.