Печать
Категория: Коом
Просмотров: 216

КР Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн кызматкери В.Ш. пара менен кармалды. Ал Нарын облусунун Жумгал районундагы Таш-Мойнок айыл аймагынын мурдагы башчысы А.М.дан ушул ЖӨБ органынын финансылык-чарбалык ишин текшерүү маселесинде оң чечим чыгарып берүү үчүн 160 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган. 

Бул КР УКМК тарабынан мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аныкталды.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Анын алкагында 19-майда 100 миң сом пара алып жаткан жеринен В.Ш. кармалды.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Кармалган адам Бишкек шаардык 1-тергөө камак жайына киргизилди.