Печать
Категория: Коом
Просмотров: 144

Сузак районунун аймагындагы мыйзамсыз иштеп жаткан эки жер астындагы медреселердин (хужралардын) ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда Сузак районунун Тотуя айылында 2022-жылдын аягынан бери эркек-аял медреселери эч кандай уруксатсыз иштеп жатканы аныкталды.

Эркектер үчүн медреседе 25тен ашык балдар (9 жаштан 18 жашка чейин) окушкан, студенттер медресенин аймагында жашашкан, жашаган жериндеги орто мектептерге барышкан эмес, медреседе сабактар күн сайын 08-00-дөн 17-00гө чейин аткарылып турган.

Аялдар медресесинде жергиликтүү тургундардан 40ка жакын аял жана 10 бала билим алып, жума сайын дүйшөмбүдөн бейшембиге чейин саат 09-00дөн 16-00гө чейин сабактар өтүп, жашы жете элек кыздар да орто мектептерге барышкан эмес.

Бул медреселерде диний сабактарды диний билими жок мугалимдер алып барышкандыгы аныкталган, алар негизинен Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан текшерилбеген адабияттарды колдонуу менен Куран окуу жана хадистерди үйрөнүшкөн.

Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мыйзам бузуулар боюнча актылар жана протоколдор түзүлдү. «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8, 10-беренеси, 142-беренесинин 1-бөлүгү, КР «Жол бузуулар жөнүндө» кодексине ылайык 5500 сом өлчөмүндө (ар бирине) айып салынып, ишмердүүлүгү токтотулган.

Мындан тышкары жашы жете элек окуучулар Сузак РИИБге жеткирилип, ата-энелер менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, тиешелүү протоколдор түзүлдү.