Печать
Категория: Коом
Просмотров: 702

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде мурдагы президент Аскар Акаев лекция окумак. Бирок ал токтотулду. Бул тууралуу аталган жогорку окуу жай билдирди. 

Маалыматка караганда, лекцияны жокко чыгаруу чечимин окуу жайдын ректору Мирлан Чыныбаев кабыл алган. 

Эске салсак, буга чейин аталган жогорку окуу жайынын студенттери Акаевдин лекциясын жокко чыгаруу талабын коюшкан. Алар учурдагы жаш муун Акаевди коррупциянын, уурулуктун, талкалоонун жана чыккынчылыктын символу катары көрүшөөрүн билдиришкен.