Печать
Категория: Коом
Просмотров: 204

Бишкекте тиешелүү документтери жок туруп кумаркана иштеткен «Р.Г.» ЖЧКсынын ишмердүүлүгү аныкталды. Аталган жай криптобиржы жана криптомайнинга кызматтарын көрсөтүүгө жамынып иштеп келген. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Атайын кызмат тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-издөө-тергөө иш чаралары уюштурулган. 

Тинтүү маалында мыйзамсыз кумарканадан ири суммадагы акча каражаттары табылып алынган.

Мындан тышкары, тиешелүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу максатында, иш жүзүндөгү кирешени жашырууну документтештирген фактылар аныкталды.

Учурда жогоруда аталган кылмыш иштерине тиешеси бар адамдарды, ошондой эле республикалык бюджетке келтирилген зыяндын суммасын аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.