Печать
Категория: Коом
Просмотров: 192

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов соцтармактагы баракчасы аркылуу ЖК депутаттарына жооп берди. 

Эске салсак, кечээ депутаттар Эрулан Көкүлов менен Элвира Сурабалдиева мурдагы президент Курманбек Бакиевди реабилитациялоо маселеси боюнча президенттин администрациясынан жооп талап кылышкан. 

"Биздин өлкөдө сөз эркиндиги бар. Журналист кимден кааласа ошондон маек алганга укуктуу, анын үстүнө көрүүлөрдүн санына караганда бул маселеге кызыккандар көп, суроо-талаптагы тема экен. Курманбек Бакиев жаран катары өз кызыкчылыгын коргоого укуктуу, бул кылмыш иши боюнча сотто болоду же коомдук пикирдеги соттобу. Ошондой эле республиканы башкаруусуна тарыхый баа койдурууда дагы.

Экс-президенттер кандай болсо да биздин тарыхыбыздын бир бөлүгү. Жогорку Кеңештин депутаттары келишпөөчүлүктү күчөтүүнүн жолун издебей, бул саясатты колдоого алса болот эле", - деп жазды Байсалов. 

Эске салсак, журналист Кадыр Кошалиев Курманбек Бакиевден маек алып, YouTube-каналына жарыялаган.