Печать
Категория: Коом
Просмотров: 112

Жогорку Кеңеш депутаты Замирбек Мамасадыков “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына” сунушталып жаткан өзгөртүүлөр тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу “Парламент” радиосуна берген маегинде айтты.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”,  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөр  баяндалат. Шаардын мэрлери жана айыл өкмөтүнүн башчылары беш жылдык мөөнөткө дайындаларын эске алганда, шаардык жана айылдык кеңешинин депутаттары да азыркыдай 4 жылга эмес, 5 жылга шайланышы иш ыраатын жөнгө салууда натыйжалуу болмок. Ушул жагын иретке салууну демилгелеп отурам", - деп белгиледи.

Ошондой эле депутат жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын билимин өзгөчө деңгээлге чыгаруу зарылчылыгына кайрылып, ошол жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин милдеттүү түрдө билими бар болуусу керек деген талаптарга “жалпы орто” деген сөздөрдү “кесиптик орто” деген сөздөр менен алмаштыруу сунушталып жаткандыгын түшүндүрдү.

"Андан тышкары, айыл өкмөтүнө баруучу талапкерлер өз айылына жетекчиликке бара албайт деген ченемди күчүн жоготту. Ошол эле мезгилде жергиликтүү кеңештин төрагаларына айлык акы кароо абзелдигин белгиледи. Азыркы тапта калкынын саны 20 миңден ашкан гана аймактарга жергиликтүү кеңеш төрагаларына айлык акылар каралган. Азыркы максат бардыгына тең карап, айыл өкмөттөрү менен бирдей ымалада бирдиктүү иш алып баруу үчүн жергиликтүү кеңештердин төрагаларына кеңсе берип, айлык маяналарын бекитип берүү муниципиалдык саясаттын натыйжалуулугун камсыздамак. Буга керектелүүчү каражат 2025-жылдын бюджетине кошумчаланышы керек", - деди З.Мамасадыков.