Печать
Категория: Коом
Просмотров: 217

Бишкек шаарынын тургундары «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун диний-экстремисттик идеологиясынан баш тартышты. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, КР УКМК тарабынан диний-экстремисттик жана террористтик уюмдарды аныктоо жана бөгөт коюу, алардын катарына жаңы тарапкерлердин тартылышын алдын алуу боюнча иш аракеттер улантылып жатат. Анын негизинде Кыргызстанда тыюу салынган жана салттуу эмес диний агымдардын жактоочуларын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу пробация департаменти менен бирдикте мүчөлүктөн чыгаруу боюнча иш-чаралар жасалды. 

Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын жыйынтыгында, ДЭУго катышкандыгы үчүн сот органдары тарабынан мурда соттолгон жана пробация көзөмөлүндө турган Кыргыз Республикасынын жарандары, Бишкек шаарынын тургундары К.Н.Т. жана К.Б. “Хизбут-Тахрир” ДЭУнан баш тартышты. 

Алар өздөрү тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алып, жарандарды Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган ар кандай диний-экстремисттик уюмдардын мыйзамсыз чакырыктарына алдырбоого чакырышты.

"КР УКМК жарандарды КР аймагында тыюу салынган ДЭУ жана ЭТУ иштерине аралашпоого чакырат жана ушуга окшош жагдайларга туш болгон учурда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына жана тиешелүү казыяттарга кайрылууга чакырат", - деп айтылат маалыматта.