Бүгүн, 17-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) кызмат ордуна шайлоо үчүн сунушталган талапкерлер каралды.
Алсак, Джамиля Джаманбаеванын талапкерлигин “Мекенчил” депутаттык тобу жана “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясы көрсөтүлгөн. Талапкер тууралуу «Мекенчил» депутаттык тобунун лидери Элмурза Сатыбалдиев маалымат берди.
Ал эми Бакыт Рысбековдун талапкерлиги Жогорку Кеңештин Бүтүн Кыргызстан» фракциясы тарабынан сунушталган. Талапкер тууралуу фракция лидери Адахан Мадумаров маалымат берип, Б.Рысбековдун иш тажрыйбасына учкай токтолду.
Мындан тышкары, Кулира Кубатованын талапкерлиги Жогорку Кеңештин «Ыйман Нуру» фракциясы тарабынан көрсөтүлүп, бирок жыйында К.Кубатова талапкерлигин алып салды.
Джамиля Джаманбаева жана Бакыт Рысбеков Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын ишмердүүлүгүн уюштуруу боюнча өз көз караштары менен бөлүштү. Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев маалымат каражаттарына басым кылуу маселесин көтөрүп: «Сиздин оюңузча, бүгүнкү күндө жалпыга маалымдоо каражаттарына кысым болуп жатабы?», - деген суроо узатты. Буга Бакыт Рысбеков ММКга “таасир бар” деп жооп берсе, Джамиля Джаманбаева маалымат каражаттарына басым жок деп эсептейт.
Муну менен катар депутат Исхак Масалиев ар кандай маселелер боюнча, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун ролун аныктоо боюнча талапкерлердин пикирин тактады. Ал эми эл өкүлү Ырысбек Атажанов эмгек мигранттарынын, анын ичинде чет өлкөлөрдө соттолгон жарандардын укуктарын коргоого өзгөчө көңүл бурду. Депутаттар Адахан Мадумаров, Жанарбек Акаев КР Акыйкатчы институтунун көз карандысыздыгы боюнча маселени ортого салышты. Жанарбек Акаев көз карандысыздык принциптерин бекемдөөгө багытталган Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы жөнүндө жаңы мыйзам долбоорун кабыл алуу зарылдыгын белгиледи.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Джамиля Джаманбаеваны Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) кызматына шайлады. Бул боюнча Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.
Джамиля Джаманбаева 23 жыл прокуратура тармагында иштеген. 2018-2021-жылдары башкы прокурордун орун басары болгон, андан соң пенсияга чыккан.