Печать
Категория: Коом
Просмотров: 127

Президент Садыр Жапаров жумуш убагында каза тапкан укук коргоо кызматтарынын кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө берилүүчү компенсация маселесин кайра карап чыгууну тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев соцтармактагы баракчасына жазды. 

"Президент Жапаров укук коргоо органдарынын кызматкерлери кызмат өтөө учурунда каза болгон учурда бериле турган компенсациялык төлөм берүү маселесин изилдеп чыгууну тапшырды.

Бул тема акыркы убакта коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

Компенсация суммасы бюджетке оорчулук келтирбей тургандай жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй- бүлөлөрүнө колдоо болгудай кылып мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун берүү тапшырмасы берилди", - деп жазды ал.