Печать
Категория: Коом
Просмотров: 67

Бүгүн, 16-майдагы Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) кызмат ордуна шайлоо үчүн сунушталган талапкерлер каралды.

Алсак, Джамиля Джаманбаеванын талапкерлигин “Мекенчил” депутаттык тобу жана “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясы көрсөтүүдө. Депутат Коргонбай уулу Жусупбек талапкер тууралуу маалымат берди.

Ал эми Кулира Кубатованын талапкерлиги Жогорку Кеңештин «Ыйман Нуру» фракциясы тарабынан сунушталууда. Талапкер тууралуу депутат Динара Ашимова маалымат берип, К.Кубатованын иш тажрыйбасына учкай токтолду.

Талкуу маалында эл өкүлү Дастанбек Жумабеков өлкөдө адам укуктарынын жана эркиндигинин сакталышына парламенттик көзөмөлдү КР Акыйкатчысы ишке ашырып жатканын белгилеп, талапкерлердин бул багыттагы маселелерге бурду. КР Акыйкатчы кызматына талапкер Джамиля Джаманбаева прокуратура органдарында мыйзамдардын так жана бирдей аткарылышын көзөмөлдөгөндүктөн, прокуратура органдарында алган тажрыйба маанилүү экенин айтты. Муну менен катар депутат Мейкинбек Абдалиев КР Акыйкатчысынын кызматы жооптуу экенин белгилеп, бул система прокуратурадагыдай катаал мамилеге керек эмес экенин кошумчалады.

Өз кезегинде комитет төрайымы Чолпон Султанбекова Акыйкатчы институтунун учурдагы абалы тууралуу сөз кылып, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын келечеги үчүн анын жамааты менен кызматташтыкты чыңдоого чакырды.

Ошондой эле талапкер Кулира Кубатова депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып,  аталган мекеме адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоо жаатында талдоо жүргүзүүсү керектигин баса белгиледи. Депутат Дастанбек Жумабеков КР Акыйкатчысы саясатка аралашпашы керектигин, бул институт КР Конституциясынын талаптарына ылайык иштеши керектигин жүйө келтирди.

Жыйынтыгында комитет көрсөтүлгөн талапкерлерди Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын кызмат ордуна шайлоо үчүн Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү чечимин кабыл алды.