Печать
Категория: Коом
Просмотров: 261

Учурда УКМК тарабынан жеке турак жай курууга трансформацияланбаган жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. 

Анын негизинде жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл аймагындагы айрым кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш аракеттери аныкталды. Алар -  Д.Д.М., К.А.С. жана Т.А.С. 2016-2023-жылдар аралыгында жеке турак жай куруу үчүн 61,37 га жер тилкесин бөлүп берүү боюнча мыйзамсыз чечимдерди чыгарган.

Мындан тышкары, башка мыйзамсыз жер берүү фактыларын жашырууну көздөп, бул адамдар жеке баюу максатында Кадамжай райондук жер мунапыс комиссиясы менен сүйлөшүп алып, иш жүзүндө 624 болсо да 600,53 гектар жерди мыйзамдаштыруу боюнча арыз беришкен. Анын 61 ,37 га мыйзамсыз токтом чыгаруу менен берилген. 6 гектары Д.Д.М.га,  анын 12 жакын байланыш адамдарына белек катары өткөрүлгөн. Анысын бекитүү максатында мунапыс боюнча комиссия менен макулдашып, 556,63 гектар жерди жергиликтүү тургундар өз алдынча ээлеп алды катары киргизип, үй ээлери бар экендиги тууралуу жасалма маалыматтарды көрсөтүшкөн. Ошол эле учурда көз карандысыз эксперттин корутундусуна ылайык, мыйзамсыз берилген 624 гектар жердин баасы 1 миллиард 63 миллион сомго бааланса, анын ичинен мыйзамсыз токтомдун негизинде берилген 61,37 гектар жер 103 миллион 743 миң 145 сомду түзөт.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эскертүү: мурда КР УКМК органдары тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, КР И.Ж. аттуу жаранына жер тилкесин мыйзамсыз бөлүп берүү үчүн мурда алынган 106 миң сом паранын 50 миң сомун кайтарып берүү учурунда Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак а/а жер маселелери боюнча башкы адиси К.А.С. кармалган.