Печать
Категория: Коом
Просмотров: 344

Башкы прокуратура Чаткал районунун жол кырсыгынан каза тапкан прокурорунун үй-бүлөсүнө бир жолу төлөнүүчү кенемте тууралуу маалымат берди. 

Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында прокурордун артында калган үй-бүлөсүнө анын 20 жылдык айлык акысы, болжол менен 21 миллион 699 миң сом төлөнөөрү белгилүү болгон. Буга айрым депутаттар каршы чыгышкан. 

Мисалы, депутат Надира Нарматова прокуратура жана сот органы мыйзамдарды өздөрүнө ыңгайлаштырып алганын белгилеген. 

"Булар пенсия чыкканда да миллиондогон акча алышат, өлгөндө да жөлөк пулу миллиондогон сом. Прокурор болуп өлгүң келет. Эми прокурорлордун өмүрүн тилейт окшойбуз", - деген. 

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, мындай мыйзам бир эле прокуратурага тиешелүү эмес.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө мыйзамына ылайык, кызматкер кызмат өтөө мезгилинде жарадар болсо, жаракаттын же ооруга чалдыгуунун кесепетинен каза тапса, анын үй-бүлөсүнө акыркы кызмат орду боюнча орточо жылдык эмгек акысынын эсебиндеги 20 жылдык эмгек акысы бир жолку жөлөк пул катары төлөнөт.

"Бул бир эле прокуратурага тиешелүү эмес. Бардык эле укук коргоо органдарына, тактап айтканда УКМК, ИИМ, Бажы кызматы, Салык кызматы, Жазаларды аткаруу кызматы өңдүү мамлекеттик органдарга тиешелүү. Мындай мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Каза болгон ар бир прокуратура кызматкерлерине мындай камсыздандыруу суммасы төлөнүп берилбейт. Бул бир гана учурда кызматын аткарып жатып, каза болгон кызматкерлерге гана прокуратураын Конституциялык мыйзамына ылайык камсыздандыруу (компенсация) суммасы бир жолу төлөнүп берилет. Мындай компенсация акыркы 10-20 жылда 1-2 жолу катталган", - деп билдирген Башкы прокуратура.