Кечээ, 12-майда Президент Садыр Жапаров Ленин району боюнча Жогорку Кеңешке талапкерлер менен жолугушуп жатып, мамлекет үчүн иштей турган адистер болсо, душман экенин карабай кызматка алаарын ачык айтты. Бул арезиденттин айкөлдүгү эле эмес, мамлекет жана эл үчүн күйүп жаткан анын улуу сапатынан кабар берет. Экинчи жагынан акаевчи, бакиевчи, атамбаевчи, жана башка ушул сыяктуу кокту-колот, жер-жерге, тууганчылык, тааныш-билишке бөлүнбөй бир мамлекеттин уул-кыздары катары мекенге кызмат кылалы деген мамлекет башчынын ишараты болду. Ап бали! Демек, президентибиз адилеттүү адам!
Алайлык аксакалдар президенттин ушул сөзүнөн кийин элине кайрымдуу, жардыга кол сунган, жардамга муктаждан аянбаган, айым экенине карабай акыйкат издеп зар какшагандарга жардам берип, алдамчылар менен күрөшкөн тайманбас айым Чынара Мамажакыпованы да акыйкатчылык кызматка койсо, мамлекет үчүн чын дилинен иштеп берет деген ишенимин билдиришти. Ошондой эле алдамчылардын тобу менен жалгыз күрөшкөн эр жүрөк айымды урматтуу президент акыйкатчылыкка эл өкүлдөрүнө сунуштаса деген ойдо кайрылуу жолдошту.