Печать
Категория: Коом
Просмотров: 116

Садыр Жапаров Ленин округу боюнча депутаттыкка талапкерлер менен жолугушуп жатканда Өзбекстан менен чек ара маселесин чечүүдө бир катар тоскоолдуктар жаралганын билдирди.

Айтымында, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев башында турган делегация бир жарым жыл ичинде Ташкентке бир нече жолу барып келген.

“СССРдин убагында Гавасай аймагы 19 гектар деп көрсөтүлгөн, бирок спутниктен ченегенде 15 гектар болуп чыкты. Биз бул аймакты кайтарып алуу кыйынчылык жаратты. Ооба, талаш-тартыш, пикир келишпөөчүлүк жаралды, ал турмак тараптар папкаларын ыргытынган да учурлар болду.

Бул жер Кыргызстанга тийиштүү болчу. Бирок 1956-жылы биздин аткаминерлер өзбектерге берип салышкан. Алардын айтуусу боюнча, аталган аймакта иш планын аткаруу кыйынчылык жараткан имиш. Өзүңүздөр билесиздер, 1961-жылы карта өзгөртүлгөн, ошондо Өзбекстанга карап калган”, - деди.

Ошондой эле мамлекет башчы Камчыбек Ташиевдин аракети менен аталган жер кайтарылганын белгиледи.

“Ошондуктан мен ага баатыр наамын бердим, анткени анын салымы тарыхта калды. Көпчүлүк президент досуна наам берип койду деп жазышты. Тарых өз баасын берээрин белгилегим келет”, - деди Жапаров.