(Сүрөттө Өмүрзак Төлөбеков Голливуд кино продюсери М.Аккая менен)
Кино сценарист жана продюсер Өмүрзак Төлөбеков менен маек
- Өмүрзак Жолдош уулу, “Манас” тасмасы АКШ, Кытай, Түркия менен биргелешип тартылаары коомчулукта кызуу талкууланууда. Көпчүлүк бул тарыхый окуяга кубанса, терс пикир билдиргендер да чыкты. Негизинен “Манас” киносуна кимдер эмнеге каршы?
- “Манастын уулу Семетейден” кийин эл аралык кино компаниялар “Манас” тасмасын тартууга кызыгышты. Улуу эпосубуздун негизинде “Манас” көркөм фильминин сценарийин даярдап, англис, түрк, кытай тилдерине которуп, биргелешип тартууну Голливуд, Болливуд, “Нетфликс”, “Амазон” жана Кытай, Турция кино компанияларына сунуштадык. “Манастын уулу Семетейди” көп тилдерде кошо тартуулап, кыргыз эли, жери, улуттук кийим-буюмдары менен тааныштырдык. Жарым жылдан бери “Манас” кино сценарийин кенен талкуулап, бир нече эл аралык ири кино компаниялар менен ийгиликтүү кызматташып атабыз.
“Манас” эл аралык кино долбоорубузга көптөгөн интернет каналдарда, сайттарда жүз миңдеген кубаттоолор билдирилгени кубанычтуу. Айрым терс пикирлер жок эмес. Алар “Семетейди” тартаарда да “Манас, Семетей” ыйык, аны тасмага түшүрбөш керек” деп чыгышкан. Интернетте “Айкөл Манас”, “Манастын уулу Семетей” спектаклдери турат. Экинчиден алар “Манас, Семетейди жүздөгөн, бери дегенде ондогон миллион долларга тартыш керек” деген доомат артышты. Бизде азыр андай мүмкүнчүлүк жок. Бирок, бир миллиондун жарымысы менен улуу эпосубузга киришип, дың буздук. Манас, Бакай, Жакып, Абыке, Көбөш, Чыйырды, Каныкей, деги эле улуу эпосубуз тууралуу баалуу маалымат бердик. “Семетейден” улам эми эл аралык ири кино компаниялар “Манаска” жүз миллион доллар каражат чыгарууга белсенишүүдө. Голливуддун, Кытай, Турциянын дүйнөлүк кино жылдыздары тартылмакчы.
Мындан он чакты жыл мурда а деп “Манас” тасмага талпынганда эл акыны, “Манас эл” кыймылынын жетекчиси Асан Жакшылыков өңдүү көрүнүктүү инсандар “Манастын душмандары көп жана күчтүү, алар эпостун тасмага айланып дүңгүрөшүнө жол беришпейт!” дешсе таң калгам. “Семетейди” тарта баштаганда ызы-чуу чыгарышты. “Төлөбековду жоопко тартыш керек!” деп каардангандар чыкты. “Эпосту кино кылуу кыргыз менен калмакты касташтырып, элдин ыркын бузат” дегендер болду. Көрсө, элибиздин арасында кыргыздын илгерки кастарынын, эпостогу Коңурбай, Нескара, Кошой, Кыяс жана Манас менен Семетейдин ички душмандары Абыке, Көбөш окшогондордун тукумдары, жактоочулары көп тура.
- Тарыхчылар калмак улут катары кийин пайда болгонун белгилешет. Манас бабабыз болсо, мындан миң жылдан мурда жашагандыгы далилденип келатат.
- Ооба, Манас бабабыз миң жылдан кыйла мурда жашагандыгы тастыкталууда. Ал кезде ар кандай башка улуттар, уруулар жашагандыгы, кийин алардын көбү жоюлуп, башка улуттарга кирип кеткени тарыхта белгилүү. Жакында белгилүү окумуштуу Советбек Байгазиев Манас бабабыз калмактар менен эмес, негизинен уйгурлар менен согушкан деген ойду жар салды. Эпосто тескерисинче, улуттардын биримдиги, интернационалисттик достук даңазаланат. “Курама журт жыйнап эл кылдым” дейт Манас бабабыз. Кыргыз, кыпчак, казак, ногой, нойгут, калмак биригип жоого каршы аттанат. Манастын кол башчысы Алманбет касташкан кара кытай, калмак өкүлү. Ал эми Алтайдагы калмактар эки жаатка бөлүнүп, жарымы Мажик баштап Манаска кошулуп, акыр-аягына чейин бирге болот.
Манас бабабыз миң жыл мурда жашаса, сексен жыл мурдагы согушта ар тарабынан жыйырма миллиондон адам кырылган немецтер менен орустар кенен кызматташып, жүздөгөн кинолор тартылып, ал элдердин достугуна кедерги болгон жок.
- Ар кандай пикирлерге карабай “Манастын уулу Семетейди” тартып көп өлкөлөрдө бет ачаарын өткөрүп, улуу эпосубузду ааламга даңазалап жүрөсүз. Эми “Манасты” эл аралык ири кино компаниялар менен ийгиликтүү тартып, ааламга чыгараарыңызга ишенип ийгилик каалайбыз!
- Рахмат! “Манас” жалпы дүйнөлүк рухий улуу кенчи. Чыңгызхан тууралуу ар кайсы өлкөлөр 20га жакын тасмаларды тартышкандай буйруса, “Манас” үчилтигибиздин негизинде бир катар ири өлкөлөр менен бир нече кино долбоорлор жасалаарына ишенебиз. Кыргызстаныбызды, улуттук маданиятыбызды, улуу бабабызды ааламга даңазалоо ар бирибиздин ыйык парзыбыз.