Печать
Категория: Коом
Просмотров: 100

КР УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ош шаарынын аймагында мыйзамсыз кумар оюн жайынын бети ачылып, бөгөт коюлду.

УКМК тараткан маалыматка караганда, 2023-жылдын 27-апрелинде тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө кумар оюн жайынан 327 000 сом акча жана 16 персоналдык компьютер табылып алынган. Ошондой эле, аталган мекеменин жетекчиси Кыргыз Республикасынын Ж.А. аттуу жаранынан 597 200 сом, 4 800 АКШ доллары, 4 000 рубль жана 4 процессор табылган.

Учурда уруксаты жок иштеп жаткан кумар оюн жайларын аныктоо жана бөгөт коюу иштери уланууда.