Печать
Категория: Коом
Просмотров: 125

2020-жылы Түп районунун Тогуз-Булак айылында Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын алдындагы “Кыргыз мамлекеттик аңчылык чарбасы” мамлекеттик ишканасынын аймагында жана Тогуз-Булак айыл аймагынын «Мурас» Кыргыз мүнүшкөрчүлүк борбору ЖЧКсы тарабынан бак-дарактар мыйзамсыз кыйылып, жайыт жерлеринин топурактары иштетилген.

Бул КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында аныкталды. 

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Кыргыз мүнүшкөрлүк борбору “Мурас” ЖЧКсынын жооптуу адамдарынын мыйзамсыз аракеттери аныкталып, экологияга өзгөчө ири өлчөмдө 7 млн 700 миң сом зыян келтирилгени такталды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен белгиленген зыяндын орду толугу менен мамлекеттик бюджетке толтурулду.