Печать
Категория: Коом
Просмотров: 804

УКМК тарабынан фермерлер менен сүт заводдорунун ортосунда ортомчулук милдет аткарып, сүттү арзан баада сатып алып, кымбатка тапшырган цех ачыкталганы белгилүү болду. Бул цех салыктан качуу максатында ишмердүүлүгүн жашыруун жүргүзгөн жана сүт азыктарын өндүрүүчү шарты санитардык талаптарга жооп бербеген. 

Атайын кызмат цехтин жылдык товар жүгүртүүсү 140 миллион сомго жетээрин аныктаган. Жашыруун иштеген жылдарда салык боюнча мамлекетке 34 миллион сом зыян келтирилген. 

Мындай көрүнүштөр ачыкка чыкканына акыркы эки жылда гана күбө болуудабыз. Бирок көмүскө ишмердүүлүктөрдүн тамыры тереңде. Буга чейин алардын артына түшкөн, салык ачыктуулугун жаратууга аракеттенген тиешелүү тараптар болгон эмес. Бүгүнкү УКМК билген нерсени мурдагы жетекчилер билбей калышы мүмкүн эмес. Болгону анда мамлекет үчүн деген ынтаа, берилүү болбогон, "сен мага тийишпе, мен сага тийишпейм" негизинде көп нерсеге көз жумушкан. Ошол эле маалда жеке кызыкчылык, тааныштык, материалдык пайданы көздөө сыяктуу факторлор дагы таасирин берген. 

Бүгүнкү күндө Министрлер Кабинетинин көмүскө экономика менен күрөшүү максатында киргизип жаткан жаңычылдыктарына так ушундай салыктан качкан ишкерлер каршы чыгышууда. Алар нечен жылдан бери мыйзамга баш ийбей, кирешесин жашырып иштеп көнүшкөн. Дагы бир жолу белгилейбиз, булардын мыйзамсыз аракетине каршы турууга андагы мамлекет жетекчилигинде азыркыдай эрк, чечкиндүүлүк жок болчу. 

УКМКнын ишинин акыркы жылдардагы жыйынтыгы көп нерсени көзгө сайып көрсөттү. Мамлекет канчалык деңгээлде коррупцияга батканы, паракорчулук ар бир кызматка сиңип кеткени белгилүү болду. Көп жылдан бери иштеп, туруктуу орун-очок алып калган коррупциялык схемалардын канчасы аныкталып, жок кылынды. 

Атайын кызматтын аткара турган иштери дагы алдыда. 30 жылдап мамлекеттин ар бир организмине оролуп калган коррупцияны эки жылда түп тамырынан кыркып жиберүү мүмкүн эмес. Медицинада "ооруну дарылагандан көрө алдын алуу оңой" деп айтылат. Эгерде коррупцияны оору деп эсептей турган болсок, бүгүнкү күндө ал Кыргызстандын өнөкөткө айланган дарты.

Мында, жалпы эл тарабынан да колдоо керектелет. Коррупционер - эч кимдин тууганы, жердеши эмес, ал мамлекеттин мүлкүнө кол салган, анысы менен келечекке балта чабууга аракеттенген кылмышкер деп таануу керек. Эл коррупционерди актап-жактап турса, УКМК былык иштерди ачыктап, айыптууларды кармоо менен жемкорлукту токтотуу кыйын.