- Глобалдык фонддон бөлүнгөн каражат боюнча талаш-тартышта айрым депутаттар сиздин дагы отставкаңызды талап кылышты. Бул фонддон бөлүнгөн каражаттарга сиздин тиешеңиз жоктугу белгилүү, эмне себептен отставкаңызды талап кылышты? Же “кетсин” дегенге көнүп калгандары үчүнбү?
- Глобалдык Фонд деген уюм - бул эл аралык менчик структура. Алар өкмөттөргө көз каранды эмес. Малярия, туберкулез жана ВИЧ/СПИД сыяктуу жугуштуу оорулардын жайылышына каршы Кыргызстанга 2004-жылдан баштап грант беришет экен. Менин буга кымындай да тиешем жок. Буга Саламаттык сактоо министрлигинен жооптуу адистер катышат. Бул мамлекеттик бюджетке жана программаларына да эч кандай тиешеси жок. Депуттарга бирөөлөр туура эмес маалымат беришиптир. Андан кийин өздөрү да мага кайрылышып, жөн жерден мага "согуш" жарыялагандарын түшүндүрүштү. Бул программа Кабминге эч кандай тиешеси жок болуп келген. Тескерисинче, биз азыр бул фондтун ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алып, министрликке коз каранды кылгынга аракет кылып атабыз. Эми мен саясатта жыйырма жылдан ашуун жүрөмүн. Ар кандай сынга да, сөзгө көнгөм. Туура эле кабыл алам саясий оюндарды. Эч кимге терикпейм. Бирок элдин кызыкчылыгы азыркы саясаттан өйдө коем. Бирөөнүн сынынан коркуп, он миңдеген оорукчанга эң кымбат дары- дармектер келип аткан программаны популизмге салып, жоюп сала албайм. Ким түшүнбөсө койсун. Эң негизгиси өзүмдүн абийирим үчүн жана жетекчилик ишеним көрсөткөн кызматты туура жана так аткаруум маанилүү.