“Унаа” мамлекеттик мекемесинин Кара-Буура-Манас секторунун мурдагы башчысы А.Т.М. жана адиси Д.Н.Д. кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, КР ИИМге караштуу “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Талас регионалдык бөлүмүнүн Манас Кара-Буура секторунун кызмат адамдарынын жана А.Кошонов атындагы Кара-Буура райондук унаа мектебинин мугалимдеринин коррупциялык схемасы аныкталды.
Кара-Буура районундагы “Унаа” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери жана унаа мектептин айрым мугалимдери жол кыймылынын эрежелерин билүүсү боюнча компьютердик тестирлөөдөн өтүүдө электрондук суроолорго туура жооп берүүгө кээ бир жарандарга көмөк көрсөтүшкөн. Ал үчүн акча алышкан.
Жогорудагы факты боюнча “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Кара-Буура Манас секторунун мурдагы башчысы А.Т.М., жана адиси Д.Н.Д. кармалды.
Учурда бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.