- Айрымдар Кыргызстанда сөз эркиндиги жоголуу коркунучуна кабылганын айтып чыгышты. Бул “Азаттыкты” жабуу чечимине байланыштуу болууда. Кыргызстанда чын эле сөз эркиндигине кысым болуп жатабы?
- Кыргызстан - демократиялуу мамлекет экенинде эч кимде күмөн жок. Бизде бийлик таза жана ачык шайлоолорунун негизинде түзүлөт. Сыймыктануу менен айта алабыз. Бийлик - элдики. Сөз эркиндиги бизде бар. Биринчи кезекте, албетте, бул азыркы технологиялар аркылуу ар бир жараныбыз түздөн түз, керек болсо, президентибизге даттанып, мүдөөсүн жеткизип турат. Мактагандардан сын айткандардын үнү катуурак чыгып атканы да бизге белгилүү. Мамлекетибиз туңгуюк жолуна түшүп, баягы автобус тыгылып калгандай эле, ошондо чыр, ызы-чуу, араздашуу да көбөйгөнү түшүнүктүү. Азыр деле эми доор алмашып, заман өзгөрүп баратат, пейилибиз да оңолот. Жакында Алматыда он сегиз жыл жашаган досум көчүп келди, анын 16 жашаар кызы таң калып айтып атат: "Казакстанда жаш балдар негатив жаңылык менен бөлүшпөйт, балалыгы менен эле алек. Кыргызстанда болсо балдардын баары ошол күнү болгон кайсы бир зөөкүрлөр жөнүндө негативдер менен активдүү бири бирине жибере беришет экен" деп. Бул ошол бизде жашообуз негативке сугарылып, биз аны нормалдуу көрүнүш катары кабыл алып калганыбыздын кабар берет. Мына, баланын оозунда биз көрбөй аткан чындык.
"Азаттыктын" маселесине келе турган болсок, учурунда мына, азыркы жетекчиликтеги баарыбыз ошол радиодон үнүбүздү элибизге жеткизип, жалгыз акыйкаттыктын булагы болгону так эсибизде. Муну танган да, унуткан да киши жок. Аны саясатташтыруунун кереги жок. Кеп ошол эл аралык жаңжал учурундагы бир сюжетте болуп атат. Азыр деле биз билип турабыз. Соттун чечими менен эле ооздуктап коюу азыркы технологиялык заманда мүмкүн эмес. Сөз эркиндиги Кыргызстанда бар жана эч качан жоголбойт!
- Блогерлерди сындап чыктыңыз, талапка баш ийбеген аракеттерди токтотуу үчүн кандай чара көрүү керек деп ойлойсуз?
- Блогерлер жоопкерчилигин сезиши керек. Камера, микрофонду көтөрүп алып, кабинеттердин эшигин тээп кирүү - бул маданиятсыздык. Мындай көрүнүш Батыштагы демократиялык мамлекеттерде жок. Бул тескерисинче жапайчылыктан кабар берет. Оорукана, мектеп жана жеке менчик ишканаларга уруксаты жок кирип барып, тартууга мыйзам да жол бербейт. Эми "көч бара бара оңолот" деп айтылат эмеспи. Мындай көрүнүштөр өзүнөн өзү менен азаят деген ойдобуз. Азыр жакырчылыктан, акыйкатсыздыктан тажаган элибиз ушул блогер-жылдыздарга эле жалынып, даттанышат. Мамлекетибизде тартип орногон сайын, жашоо- шарты жакшырганда мындай көрүнүштөр да өзүнөн өзү жокко чыгат.