Жогорку Кеңештин депутаттарынан жана тийиштүү мекеме-органдардын өкүлдөрүнөн куралган жумушчу топ Чүй дарыясынын жээги жуулуп, жүздөгөн гектар жер казак тарапта калган жагдайды жеринен иликтеп, чара көрөт. Бул тууралуу "Азаттыкка" парламенттин вице-спикери Нурланбек Азыгалиев билдирди.
Ал бул көйгөй анын көзөмөлүндө экенин айтып, каражат бөлүү маселеси да караларын белгиледи.
Мунун алдында Чүй дарыясынын кыргыз-казак чек арасын бойлой өткөн бөлүгүндөгү жээктерди бекемдөөгө кыйла аз акча бөлүнгөнү белгилүү болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Ага ылайык, быйылкы жылга беш объект куруу үчүн 177 миллион сомго жакын акча керек деп эсептелген. Анын 50 миллион сому гана берилди.
Кыргыз өкмөтү жана президенттин администрациясы Чүйдүн жээгин бекемдөөгө эмнеге кыйла аз акча бөлүнгөнү тууралуу азырынча комментарий бере элек.
"Азаттык" өткөн айда кыргыз-казак чек арасын бойлой аккан Чүй дарыясынын сол жээги желип, жүздөгөн гектар жер Казакстан
2012-жылы Жогорку Кеңештин тармактык комитети өкмөттү жыл сайын Чүй дарыясын бекемдөө иштерине 200 миллион сом бөлүп берип турууга милдеттендирген.
Кыргыз тарап 2013-жылы дарыянын сол жээгин иликтеп чыгып, кооптуу, дамба курулушу керек деген жалпы узундугу 65,5 чакырымды түзгөн 193 тилкени тактаган.