Печать
Категория: Коом
Просмотров: 416

Жогорку Кеңештин жыйынында Элдик курултай боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. 

Депутат Жанар Акаев мыйзам долбоорун жазган жумушчу топтун төрагасы. Ал мурда 22 пунктан турган документ 15 пунктка чейин кыскартылганын билдирди. 

Айтымында, райондук, шаардык жана облустук курултай акимдерге ишенбөөчүлүк көрсөтүүсүнө жана жергиликтүү бюджетти бекитүүсүнө жол ачкан нормаларды алып салышкан. 

"Мындай ыйгарым укук болбойт. Андан тышкары Элдик курултай өтөт, анын катышуучулары болгону өз пикирлерин билдиришет. Мурда делегаттар үч жылдык мөөнөткө шайланышаары айтылган, мында андай болбойт. Жылына бир жолу курултайга катышышат дагы тарап кетишет. Ошондо, делегаттар маселелерди жана көйгөйлөрдү бийликке жеткиргенге укубуз бар деп айта албай калышат", - деди Акаев. 

Депутат Адахан Мадумаров долбоорду көрсөтүүнү талап кылды. "Депутаттарга 22 нормадан турган мыйзам долбоору таратылды. Кайсы нормалар кыскартылды, кандай болду, билбейбиз. Көрбөгөн нерсебизге добуш бере албайбыз", - деди ал. 

Жанар Акаев кыскартылган варианты депутаттарга мыйзам долбоору экинчи окууда каралаарда таратылаарын билдирди.