Печать
Категория: Коом
Просмотров: 170

2023-жылдын 8-майында Ош шаарынын борбордук аянтында Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына карата күч түзүмдөрдүн жана аскер курамдар арасында ыр менен жүрүш жана сап менен салтанаттуу жүрүш боюнча « Жүрүш сап» аталыштагы тарыхый, маданий аскердик жана тарбиялык ыр фестивалы ѳткѳрүлдү.

Ыр фестивалдын максаты - экинчи дүйнөлүк согушта Ата бабаларыбыздын баскан жолунан сабак алуу, корукта эмгектенген энелерибиздин эмгегин баалап, аларды эскерүү. Күч түзүмдѳрдүн ѳздүк курамынынын жана жаштардын мекенчилдик жогорку сезимин ойготуу жана Мекенди коргоого даярдыгын калыптандыруу.

Жалпы 11 команда күч сынашты:

1. Ош ОИИБдин милициянын кайгуул-күзөт кызматынын өзүнчө батальону.

2. Ош ОИИБдин айымдары.

3. Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Шумкар” атайын багыттага полкунун №3 батальону.

4. Кыргыз Республикасынын ИИМдин ички аскерлеринин 7703 аскер бөлүгү.

5. Кыргыз Республикасынын Коргоо Министрлигинин 36806 аскер бөлүгү.

6. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отряды.

7. Алай районуна караштуу №12 И.Адишов атындагы орто мектебинин окуучулары.

8. Ноокат районуна караштуу М.Гапаров атындагы жөндөмдүү балдар жатак гимназиясынын окуучулары.

9. Ооган согушунун ардагерлери.

10. Ош ОИИБдин ардагерлери.

11. Аскердик оркестр.

Биринчи орунга Алай менен Ноокат районунан келген мектеп окуучулардын командалары ээ болушуп, экинчи орун Ош ОИИБдин айымдар командасы жана үчүнчү орунду ардагерлер командасына ыйгарылды.

Байгелүү орунду ээлеген командаларга жана жалпы катышуучуларга дипломдор, ыраазычылык кат жана баалуу белектер тапшырылды.

Мындан сырткары, "Мыкты жаш муун", "Мыкты насаатчы", "Мыкты жоокер" жана "Мыкты командир" номинациялар берилди.

Иш-чаранын аягында 2-дүйнөлүк согуштун каза болгон ардагерлерине куран окулуп, жаш муундарга талим тарбия жана насыят айтылды.

Ошондой эле, Ош ОИИБдин саптык аянтында аскер талаа ашканасы уюштурулуп, кароо-сынактын катышуучуларына сый тамак тартууланды.