Печать
Категория: Коом
Просмотров: 56

Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун башкармалык төрагасы, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси Темирбек Эркинов 3-июлга чейин камакка алынды.

Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту 4-майда чыгарды. Сот чечимине ылайык, Темирбек Эркинов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына киргизилди.

 Айрым маалымат каражаттары Темирбек Эркинов коррупция боюнча мурдараак козголгон кылмыш ишинин алкагында атайын кызмат тарабынан кармалганын жазышты.

 Темирбек Эркинов 2021-жылы ноябрда түзүлгөн Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалган. Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун капиталы 50 миллион доллар болору айтылган.

Темирбек Эркинов Бангладештин Кыргызстандагы ардактуу консулу болгон. 2010-жылы парламенттик шайлоого "Либерал-прогрессивдүү партиясынан" катышкан.