Бишкек шаардык соту 3-майда Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынган саясатчылар Азимбек Бекназаров менен Кубанычбек Кадыровдун бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу адвокаттардын арызын карап, канааттандырган жок.
Эки саясатчы тең 20-июнга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында калды.
2-майда аталган сот Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, камалган Эрлан Бекчоро уулун, Равшан Жээнбековду, Рита Карасартованы, Акыл Айтбаевди жана Илгиз Шаменовду да 20-июнга чейин камакта калтырган.
Учурда Кемпир-Абад ишине байланыштуу 16 активист, саясатчы, коомдук ишмер жана укук коргоочу камакта отурат. Активист, укук коргоочу Рита Карасартова камакта калган жалгыз аял.
Буга чейин Биринчи Май райондук соту тергөөнүн өтүнүчү менен онго жакын активист жана саясатчыны үй камагына чыгарган. Калган 16 кишини тергөө абагында калган. Башкалары ага чейин үй камагына чыгарылган.