Печать
Категория: Коом
Просмотров: 180

Кыргызстанга башка өлкөлөрдөн автоунаа ташыган ишкерлерден автоунааларды тартып алуу көрүнүштөрү болууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Осмонов билдирди. 

Айтымында, Европа, АКШ жана Дубайдан Кыргызстанга автоунаа ташыган ишкерлер ага кайрылышкан. 

"Алар 5 - 10-15 машинаны сатуу үчүн алып келишет. Бажылык тариздөө, автоунааны каттоого тургущуу жана мамлекеттик номер алуу иштеринен кийин автоунааларды алардан алып коюшат экен. Болбосо булар таза автоунаалар, уурдалган эмес. Мындай кылганга болбойт", - деген Осмонов бул маселени парламентте кароону сунуштады.