Печать
Категория: Коом
Просмотров: 104

Жалал-Абад шаарында 200 батирлүү ипотекалык турак жай курулат. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, үй куруу үчүн шаардын Спутник кичи районундагы Манас көчөсүндө жайгашкан муниципалдык жердеги гараждар мэрия тарабынан буздурула баштады.

Буга чейин муниципалдык жердеги унаа токтотуучу жайлардын ээлерине жерди бошотуу тууралуу эскертүүлөр берилген. Бирок жарандар эскертүүлөргө баш ийген эмес.

Аталган жердин жалпы аянты 1,07 гектарды түзөт. Жалал-Абад шаардык мэриясы мамлекеттик ипотекалык компания менен биргеликте бул жайга 200 батирлүү көп кабаттуу үй курууну пландап жатат.

Аталган жерде 277 гараж орун алган. Гараж ээлери ушул мезгилге чейин ижара акы төлөгөн эмес.