Президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасына төмөнкү видеону бөлүшүп пост жазды:
- Урматтуу кыргызстандыктар!
Мынчалык кайдыгер болбогулачы.
Эки айдан бери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тазалап бүтө албай жатышат.
Таза болуу өзүбүздөн го акыры.
Неге мынча кайдыгербиз?
Өзүбүз булгайбыз дагы анан бийликтен тазалыкты балакеттей талап кылабыз.
Тазалыкты сактоону суранам.
«Тазалаган жер таза эмес, тазалыкты сактаган жер таза».
Ар бир жаран тазалыкты сактоого жана башка жарандардан дагы тазалыкты сактоону талап кылууга милдеттүүсүздөр.
Ушул кызматкерлердин эмгегин сыйлагылачы.