Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад ишине байланыштуу абакта отурган активист Эрлан Бекчоро уулунун бөгөт чарасын карап, абакта калтырды. Ага дагы бир айып тагылганы белгилүү болду.
Бүгүн сотто ошондой эле Азимбек Бекназаровду, Равшан Жээнбековду, укук коргоочу Рита Карасартованы үй камагына чыгаруу боюнча алардын адвокаттарынын арызы каралары айтылууда.
Азыркы тапта Кемпир-Абад ишине байланыштуу 16 активист, саясатчы, коомдук ишмер жана укук коргоочу камакта отурат. Рита Карасартова камакта калган жалгыз аял жана укук коргоочу.
Буга чейин Биринчи Май райондук соту тергөөнүн өтүнүчү менен онго жакын активист жана саясатчыны үй камагына чыгарган.