Печать
Категория: Коом
Просмотров: 86

Бишкектеги №4 мектеп-гимназиясында бомба коюлганы тууралуу маалымат укук коргоо кызматына бүгүн, 2-майда саат 11лер чамасында жеткен. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясы билдирди. 

Маалыматка караганда, окуя болгон жерге РИИБдин ыкчам-тергөө тобу дароо чыгып, мектептин аймагы милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынды. Мугалимдер жана окуучулар эвакуацияланды.

Учурда жеринде ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кинологдору иш алып барууда.