Печать
Категория: Коом
Просмотров: 258

- Бийлик башында тургандарга каршы кара пиар жүрүп жатат. Айрыкча, ажобуз Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин ынтымагын бузууга багытталган ар кандай ушактар көбөйдү. Мунун артында кимдер турушу мүмкүн, атайын жалган маалымат таратуу менен эмне максатты көздөп жатышат?

- Эми мындай ыплас ыкмалар кечээ-бүгүн жаралып калган жок. Алмустактан, тагыраагы, адамзат  бийликти, байлыкты канына сиңирген күндөн тартып, ушул күнгө чейин жетти. Олуттуу көз карашта алсак, экөөнүн ар бир кадамы, деми  эсептелип, өлчөнүп, таразага салынып , жиликтелип, талкууланып, кайсыл жерден чалып жыгытуу керектиги  күндүн маселесинен түшпөйт. Душман дегенибиз сырттан келмек  беле, ал жанында эле чогуу чай ичкендер, аттуу-баштуу көрүнгөн ток курсактар, депутаттар жана башкалар. Мына ушулардан  уюшулган куйтулук “партизандар” узун элдин учуна калпты чындай  ышкыртышып, жугундуну куюшуп, эки саясатчынын ортосуна от жагуу үчүн болгон күчүн, аракетин жумшап жатышат. Алардын максаты бирөө-“илибой” жол менен тактыга отуруу. Ал эми андан аркысы буларды түк кызыктырбайт. Менин коңшум айткандай, “дүйнөнү топон алса алсын, болгону мен балам менен аман калсам болду” дешет.

 Камчыбек менен Садыр булардын “классикалык” тузагына түшпөй, бири-биринин короосуна котур таштарын ыргытпай, туура жол менен кетип баратышканы алардын “генералдык пландарын” ойрон кылып жатат. Кудум кош жылдыздай ажырабай, саясаттагы ой-максаттарын бириктирип, элим үчүн, жерим үчүн деп  элдин терең ишенимине кирип бара жатканы, албетте, түн уйкуларын бөлүп, көңүлдөрүн чөктүрүп келет. Бирок, акыры үмүт дегениң соңунда жанын берет го. Ошонун куйругун бекем кармап алышып, “чыдаган учкашат” дегендей, тынчышпайт. Анткени, максаттары бар, ал - кыргыз элинин көккө канат сермеши эмес, болгону тактыга гана отуруу...

Серепчилер деле эки уюлдай... өзүнүн гана балчыгын мактаган бакалардай, ар кимиси өзүнүн туу тутканынын  короосунан үн салат. Бири эки досту туздайт, мууздайт, экинчиси  ууздайт... Менимче, чыныгы реалдуулукту ачык айтканы жок. Балким саясат мына ушунусу менен ыпыластыр. Бирок жеке пикиримде, эки достун социалдык, экономикалык жана  башка жактагы бүгүнкү саясатынан улам Байсаловдун “кылыбыз кыйшайбайт” деген учкул сөзүнүн  жөн эле айтылып калбагандыгын  баамдаса болчудай. Ошондой эле болсунчу ылайым, улуулуктун, сулуулуктун тумарындай болгон кыргыз элим  үчүн!