Бүгүн, 27-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунда Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин "Азаттыктын" ишин токтотуу доо арызы боюнча соттук отурум өттү.
Жыйынтыгында, сот "Азаттык Медиасын" жабуу чечимин кабыл алды.
Эске салсак, өткөн жылдын октябрь айындагы Тажикстандын кыргыз жерине куралдуу кол салуусунда "Азаттык" өлкө кызыкчылыгына каршы келген видео жарылаган. Анда, кагылышууну биринчи кыргыз тарап баштады деп айтылган.
Туура эмес маалымат камтыган видеону өчүрүп коюу өтүнүчү менен аталган басылмага тийиштүү тарап бир нече жолу кайрылган. Бирок алар өчүрүүдөн баш тартышкан.
Мындан улам Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медиа" мекемесинин жалпыга маалымдоо каражаты катары ишин токтотуу өтүнүчү менен Ленин райондук сотуна кайрылган.