Бостонов Данияр Куватбекович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин сайтында жарыяланды.
Анда айтылгандай, тескемеге Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон.
Эске салсак, буга чейин Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Настаев Александр Иванович ээлеген кызматынан бошотулган болчу.