Печать
Категория: Коом
Просмотров: 813

- Каниметов атындагы №1 интернат гимназиясы окуучуларды митингге чыгарып, коомчулукта дуу болушту эле. Жыйынтыгында директору да, ага каршы чыгып, митинг уюштурган мугалимдери да  иштен алыныптыр. Өкмөт туура эле чечим кабыл алдыбы?

- Окуучуларды митингге чыгардыңар деп жалпы мугалимдер жамаатын кызматтан кетирүү  туура эмес. Алардын укуктары бузулду. Азыр кызматтан кетирип жазалай турган мезгил эмес.  Өлкөбүздө жумуш орундар жок, базарларды баалар өтө жогору. Ошол мугалимдердин дагы бала-чакасы бар да. Окуучуларды митингге чыгарыптыр деп  жумуштан алардан мурун, мугалимдер эмнеге директоруна каршы чыгып жаткан жагдайды иликтеш керек эле. Анан чечим кабыл алышса оң болмок. Мүмкүн ушунча мугалимди иштен кетирбей директорду эле кетирип койгондо туура болмоктур.